БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бүгүн таңда болжол менен саат 4.30дарда белгисиз айдоочу славян тектүү эркек кишини койдуруп, окуя болгон жерден из суутуп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсыктын күбөсү билдирди.
Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу маалыматты тастыктады.
"Аталган жерге милиция кызматкерлери жөнөп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан ошол эле жерден көз жумуптур. Соттук-медициналык экспертизасыз маркумдун жаш курагын аныктоо мүмкүн болбой жатат", — деди ал.
Адам өмүрүнө забын болгон унаа азырынча тактала элек. Милиция айдоочуну издөөдө.
Эки күн мурун да Бишкекте машина тосмону сүзүп, андан эки адам жабыркаган.