11:44 18 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Бөлмөдө отурган кыз. Архивдик сүрөт

Жалал-Абаддагы сойкукана: иштеген кыз жана сауна жетекчиси кармалды. Видео

© AFP 2019 / Behrouz MEHRI
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
197720

Кармалган шектүү кызматкерлер учурда сурак берип жатышат.

ЖАЛАЛ-АБАД, 27-апр. – Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Москва көчөсүндө тамеки заводунун имаратында жайгашкан саунада сойкулук фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кылмьш ишин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, саунага дайындалган киши кардар катары барган.

"Калыс адамдардын катышуусунда 1000 сомдуктун номерлери протоколго жазылып, көчүрмөсү алынып, ишенимдүү адамга тапшырылган. Тинтүү жүргүзүүдө атайын жиберилген кардардан алган 1000 сом акчанын 300 сомун ошол саунада иштеген Ош облусунун 27 жаштагы Айсулуу аттуу жашоочусу өз ыктыяры менен тергөөгө тапшырган. Бул фактынын негизинде кыздарга сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруп берген деген шек менен Жалал-Абад шаарынын 41 жана 34 жаштагы жашоочусу болгон эки аял колго түшүрүлдү. Алардын бири аталган саунада администратор, ал эми экинчиси кардарларды тейлеп келген. Учурда алар милициянын тергөө бөлүмүндө сурак берип жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча облустук милициянын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү менен (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, ал эми саунаны иштөөсүнө бөгөт коюу маселеси каралып жатат.

Тема боюнча

Сокулуктагы сойкуларды уюгунан алып чыккан милиционерлер. Сүрөт
Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды
Белгилер:
сауна, сойкулук, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ