Кочкордогу жол кырсыктан эки аял каза таап, ымыркай комада жатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки айдоочу менен үч жүргүнчүгө да жардам көрсөтүлгөн

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 156-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки аял каза тапканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, окуя 20-март күнү саат 18.20ларда болгон.

"Toyota Caldina унаасы менен келе жаткан 51 жаштагы бишкектик тургун Нарынды көздөй баратып Mercedes-Benz менен кагышып кеткен. Машинаны Кочкордон Бишкекке келе жаткан 19 жаштагы айдоочу айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен анын апасы менен 26 жаштагы кыз ошол эле жерден мүрт кеткен", — деди Оторов.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө поезд 15 метрге чейин сүйрөп барган өспүрүм ооруканада каза тапты
Мындан тышкары, 11 айлык ымыркай Кочкор аймактык ооруканасында кома абалында жатса, Toyota Caldina унаасынын 39 жаштагы жүргүнчүсү хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Эки айдоочу менен калган үч жүргүнчүгө биринчи медицинадык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жатуудан баш тарткан.

Бардык материалдар Кочкор райондук ички иштеп башкармалыгына өткөрүлүп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0