09:41 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3208
  • EUR78.9344
  • RUB1.0664
Кишен. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Народный" дүкөнүн жардырам деп коркуткан экстремист кармалды

© REUTERS / Sergei Karpukhin
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
138 0 0

Ушу тапта тергөө иштери уланып жатат

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүнө кирип жардырам деп коркуткан киши колго түшүрүлгөнүн шаардык милиция кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 12-мартта түнкү саат 3.30дарда Октябрь РИИБге колуна баштык көтөргөн киши дүкөндү жардырам деп коркутуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Колго түшүрүлгөн жарандын Ош облусунун тургуну экени, "Йакын Инкар" экстремисттик тобунун мүчөсү экени аныкталган.

"Баштыгын текшере келгенде жардыруучу заттар табылган эмес. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 226-беренесинин 3-пункту (Террордук ишмердүүлүккө ачык үндөө) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Буга чейин "Йакын Инкар" деген эмне болгон уюм экенин, кайдан түптөлүп кантип жайылганын иликтегенбиз.

Тема боюнча

Ошто "Йакын Инкар" экстремисттик агымынын 9 мүчөсү эркинен ажыратылды
"Инкар-Йакын" диний кыймылы кантип пайда болгон?
Белгилер:
жардыруу, дүкөн, Инкар-Йакын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ