"Асанбайдагы" кафелер менен фитнес зал эмнеден улам күйүп кеткени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар нескольких кафе в районе парка "Асанбай" в Бишкеке
Пожар нескольких кафе в районе парка Асанбай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер өрт үч себептен улам чыгышы мүмкүн экенин божомолдошту

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектин "Асанбай" кичи районундагы алты кафе менен фитнес зал электр жабдууларын колдонуудагы эрежени сактабагандыктан күйүп кетиши ыктымалдыгын ӨКМ негизги себеп катары атады.

Аталган жердеги имараттар былтыр, 2017-жылы 22-октябрда күйүп кеткен.

ӨКМ кырсыктын чоо-жайын билдирди.

Бишкекте бир нече кафе күйүп кетти. Өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бир нече кафе күйүп кетти. Өрттүн асмандан көрүнүшү
Өрт тууралуу билдирүү "112" кызматына саат 10:17де келип түшкөн. Биринчи өрт өчүрүүчү машина 11 мүнөттөн соң келип, кийин дагы кошумча машиналар тартылган.

Кийинчерээк "Бигмар" ЖЧКсына таандык имараттар өрттөнгөнү аныкталган. Ал жерде "Гамбей", "Корчма", "Кайзер", "Бухара", "Барклайс", "Асанбай" кафелери, "Дельта" спорт клубу менен "Марио Экспресс" ЖЧКсынын кеңсеси болгон.

Имараттын батыш бөлүгүндө жайгашкан "Гамбей" кафеси башкаларга салыштырмалуу олуттуу жабыркаган. Кырсык болгон жерде тогуз өрт өчүрүүчү машина, үч суу ташыгыч автоунаа, 90дон ашык өрт өчүрүүчү, милиция жана тез жардам кызматынын бригадасы иштеген.

Жабыркаган 13 кишиге жеринде жардам көрсөтүлгөн. Өрт саат 13:31де чектелип, 17:53тө толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМ үч версияны карап жатат

Биринчи версия — атайылап өрттөө. Бирок ӨКМ атайылап өрттөөнүн белгилерин тапкан эмес. Өрт күндүз болгон, күбөлөр бар. Эшиктерди, терезелерди, кулпуларды сындыруу сыяктуу нерселер катталган эмес.

Атайлап өрттөштү! Ош базарда товары күйгөн соодагерлердин күйүтү жана көз жашы - Sputnik Кыргызстан
Атайлап өрттөштү! "Ош" базарда товары күйгөн соодагерлердин күйүтү жана көз жашы
Экинчи версия — өз алдынча күйүү. ӨКМ имараттын ичинде өрттүн чыгышына химиялык-биологиялык нерселер себеп болушу мүмкүндүгүн тапкан эмес.

Үчүнчү версия — электр жабдууларын колдонууда эреженин бузулушу. Өрт "Гамбей" кафесинде тутанган. Ал жерде катуу ысыктан темир дубал менен чатыр деформация болуп калган. Текшерүү учурунда электр жабдууларынын тийишип калган жерлери табылган. Андан сырткары имаратта тез күйүп кетүүчү материалдар көп болуп, өрттүн жайылышын чектей турчу тосмолордун жоктугу аныкталган.

Кафенин өкүлдөрү өрт тууралуу эмне дешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0