Бишкекте таксист унаасын мас абалында айдаганбы? Видео

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОдин день из жизни участкового
Один день из жизни участкового - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик жаран мас айдоочу тууралуу милицияга кабар берген

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Таксиден алыс эмес жерде өзүн мас абалындагыдай алып жүргөн кишинин видеосун Алена Конорева аттуу жаран Facebook баракчасына жүктөдү.

Ал кечээ кечинде жездеси менен иштен келе жаткан учурда Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинен унаасын ары-бери буйтап айдап бараткан таксистти көргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. Анын айтымында, айдоочу бордюрду сүзүп жол четинен токтогон.

Окуя кечки саат 21.00 — 22.00 чамаларында болгон. Буга карабастан унаанын фаралары өчүк турган.

"Жездем унаасын токтотуп машинанын жанына бардык. Көрсө айдоочу ылжыган мас экен. Анын досторун же "пьяное такси" кызматын чакырталы десек бизди тилдеп салды. Кийин милицияга чалганыбызда укук коргоочулар аны алып кетишти", — деди Конорева.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочу мас абалында болгон-болбогонун тактаган жок. Себеби видеодон унаанын номерин көрүүгө мүмкүн эмес жана айдоочунун фамилиясы да белгисиз болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0