Бишкекте чыккан өрттөн улам 5-кабаттан секирип кеткен баланын абалы оор

© Sputnik / Нурис АлымбаевПожар в жилом доме на пересечении улиц Туголбая Ата и Гоголя
Пожар в жилом доме на пересечении улиц Туголбая Ата и Гоголя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган өспүрүм №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Батирде чыккан өрттөн улам 5-кабаттан секирген өспүрүмдүн абалы оор болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына №3 балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.

"Учурда дарыгерлер консилиум өткөрүп жатат. Анын сөөктөрү сынып, ички органдары дагы жабыркаган", — деди доктур.

Өспүрүмгө операция жасалашы күтүлүүдө. Өмүрбеков ал кандай жаракат алганы консилиумдан кийин айтыларын кошумчалады.

Бүгүн саат 15:20да Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 15 жаштагы бала 5-кабаттан секирип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0