09:13 24 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Өспүрүм. Архив

Өгөй кызын зордуктоого аракет кылган эркек. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1921 0 0

Кармалган киши Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Аялы төрөт үйүндө жаткан маалда 29 жаштагы өгөй ата кызын зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Окуя 15-февралга караган түнү, кыздын апасы бешинчи баласын төрөө үчүн ооруканада жатканда болгон. Жубайлар жарандык никеде жашап, эки бала көрүшкөн. Аялдын өзүнүн эки баласынын улуусу 10, кичүү кызы 6 жашта экени белгилүү болду.

"Кечинде үй ээси балдарды жаткыргандан кийин жерге төшөк салып, кызды алып жаткан. Балдар уктагандан кийин ага карата адепсиз аракеттерди жасай баштаган. Наристе ойгонуп кетип, ыйлап, анын ыйынан башка балдар да ойгонуп кеткен. Киши аларды тынчтандырып, кайра уктатып койгон. Эртеси балдарды таенесиникине жеткирип салган", — дешти милициядан.

Аял төрөт үйүнөн чыккандан кийин 10 жаштагы улуу баласы окуя тууралуу айтып берип, келин төшөктөн кандын тагын тапкан.

Ленин РИИБге аял арыз менен 18-февраль күнү кайрылган. Ушу тапта эркек кишиге Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук-медицинадык экспертиза дайындалганы айтылууда.

Тема боюнча

Бишкекте өгөй ата жеткинчекти зордуктоого аракет кылган делип кармалды
Ошто 4 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылды деп 20 жаштагы селсаяк кармалды
Белгилер:
милиция, зордуктоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ