Петербургда чатырдан кулаган кыргызстандык жарандын тек-жайы такталды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүТурак үйдүн жанында турган полиция кызматкери. Архив
Турак үйдүн жанында турган полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон адам 1989-жылы Баткенде төрөлгөн. Ал Санкт-Петербургда көчө шыпырып иштечү.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Санкт-Петербургда үйдүн чатырынан кулап каза болгон адамдын тек-жайы такталганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Шаршемби күнү, 14-февралда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Таш-Курган айылында туулган Т.А.Х аттуу жаран Петербургдагы Советский көчөсүндөгү 7-үйдүн чатырынан кулап түшкөн.

"Алдын ала маалыматтар бюнча ал коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Маркумдун сөөгү Петербургдун соттук-медициналык бюросунун моргуна өткөрүлүп, туугандарына кабар берилди. Ошондой эле кандай документтер керек экени тууралуу кеп-кеңештер айтылды. Сөөктү мекенге жеткирүүдө жардам көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, дипломаттык каналдар аркылуу Санкт-Петербургдун тергөө бөлүмдөрүнө кат жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0