Ысык-Көлдө таякталган майып киши каза болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМайып адам. Архив
Майып адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү адам таанышы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, кийин уруша кетип аны сабап өлтүргөнүн айтып берген

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда мас абалында майып таанышын сабап өлтүрдү деп шектелген жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Милицияга Ак-Суу районунун Михайловка айылына жакын жайгашкан дачалардын биринде белгисиз адамдын өлүгү табылгандыгы жөнүндө кабар түшкөн.

"Тергөө-ыкчам тобу жерине барып, өлүктү кароо жүргүзгөндө сөөктүн башынан жана көкүрөк тушунан көк ала болгон тактар табылган. Кийинчерээк маркум Каракол шаарынын 57 жаштагы тургуну, 2-топтогу майып экени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
Андан аркы көрүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары дачанын ээси, Каракол шаарынын 46 жаштагы тургуну, мурда соттолуп чыккан жаран колго түшүрүлдү.

Сурак маалында шектелүүчү таанышы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, кийин уруша кетип аны сабап өлтүргөнүн айтып берген.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Эске салсак, 6-февраль күнү кечинде Санкт-Петербург шаарында бир нече күн бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык жеткинчектен сөөгү табылган. Анын өлүмүн жездеси мойнуна алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0