Түндө Ошто жер силкинди

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Алай районунун үч айылында сезилген

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда эпицентринде 3,5 баллга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Ага ылайык, жер титирөө 17-январда түнкү саат 1:54те болуп, магнитудасы 3,7ни түзгөн.

"Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда жайгашып, Алай тоо кыркаларында Алай районунун Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай алты чакырым жана Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым алыстыкта орун алган", — деп айтылат маалыматта.

Жердин силкинүүсү Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 жана Сары-Таш айылында 2 баллды түзгөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0