ТИМ: Новосибирскидеги өрттө 24 жана 27 жаштагы эки кыргызстандык каза болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирск облусунун Чернореченский айылындагы бут кийим тигүү цехинен чыккан өрттөн 24 жана 27 жаштагы эки кыргызстандык каза болгон
Новосибирск облусунун Чернореченский айылындагы бут кийим тигүү цехинен чыккан өрттөн 24 жана 27 жаштагы эки кыргызстандык каза болгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жана жаза кодексинин 216-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Новосибирск облусунун Чернореченский айылындагы бут кийим тигүү цехинен чыккан өрттөн 24 жана 27 жаштагы эки кыргызстандык каза болгонун Кыргызстан ТИМинин маалымат кызматынан тастыкташты.

"Алардан тышкары 19 жаштагы дагы бир кыргызстандык жаракат алды. Бирок ал медициналык жардам алгандан кийин үйүнө жиберилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн Москва убактысы менен саат 9да бут кийим цехинде өрт чыккан.

Алдын ала маалыматтарда 10 адам каза болгону айтылып, алардын жетөө кытайлык, экөө кыргызстандык, бири россиялык жарандар экени белгиленген.

Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жана жаза кодексинин 216-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши колголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0