ИИМ: Кой-Ташта кенже сержант өзүн-өзү атып каза тапты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУчения с Новосибирской ракетной дивизией РВСН
Учения с Новосибирской ракетной дивизией РВСН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкан 26 жаштагы милиционер органда жети жылдан бери иштеп келген

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы ИИМдин кампасында нөөмөттө турган кенже сержант кечээ, 1-декабрда, өзүн-өзү атып өлтүргөн. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуянын болжол менен кечки саат 19.00дөр чамасында болгондугу маалымдалды.

"ИИМдин атайын даярдыктагы полкунун нөөмөт милиционеринин сөөгү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы ИИМдин кампасынан табылган. Аламүдүн РИИБ жана Чүй облустук ИИБдин тергөөчүлөрү менен эксперттери ал өзүн автомат менен аткандыгын аныктап чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Каза тапкан 26 жаштагы милиционер органда жети жылдан бери иштеп келген.

"Аталган окуя боюнча ИИМде кызматтык иликтөө болуп, мындай фактыга жол берген жетекчилердин ишине баа берилет", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

ИИМдин маалымат кызматы учурда окуянын кандай болгонун жана башка жагдайларды аныктоо үчүн соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассологиялык экспертиза дайындалгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0