Ошто өз үйүнөн 6-класстын окуучусунун сөөгү табылды

Жазылуу
Баланын өлүмүнө шектелип атасы камакка алынды

ОШ, 1-дек. — Sputnik. Ош шаарында 6-класстын окуучусунун сөөгү өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 1-декабрга караган түнү милицияга Тез жардам кызматынан калаадагы мектептердин биринде 6-класста окуган бала ѳз үйүнүн уктоочу бѳлмѳсүндѳ каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам-тергѳѳ тобу барган. Сөөктү кароо учурунда денесинде кѳптѳгѳн тактар бар экени аныкталган. Учурда ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул үй-бүлѳнү жакшы билген адамдардын "атасы баласына кѳп зомбулук кѳрсѳтчү" деген кѳрсѳтмѳсүнѳ таянып, маркумдун атасы кармалып, камакка алынды", — деди Сыдыков.

Ал кошумчалагандай учурда бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин адам ѳлүмүнѳ алып келген денеге оор залал келтирүү кылмыш иши козголду. Бүгүн, 1-декабрь күнү, шектүү кишинин баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда карала тургнаы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0