Токмокто чиркөөнүн жанына ымыркайды таштап кетишкен

© AFP / JOEL SAGETНоворожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер ымыркайдын ден соолугу канааттандырарлык экенин белгилешүүдө

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанынан 22-ноябрда жаңы төрөлгөн кыз табылганын Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ташталган ымыркай бир нече саат мурда эле төрөлгөнү аныкталган.

"Окуя болгон жерге дарыгерлер, Кайгуул милициясы жана социалдык коргоо кызматкерлери чакырылган. Дарыгерлер ымыркай кыздын абалы канааттандырарлык экенин белгилешти. Учурда ал Токмоктогу төрөт үйүнө алып келинип, дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Чүй облусунун милиционерлери менен социалдык коргоо кызматкерлери ымыркайдын энесин издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0