БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкекте эки автоунаа кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, кырсык 21-ноябрь күнү болжол менен саат 21.00дөрдө Патрис Лумумба менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча Nissan Premiera менен Toyota Ist унаалары кагышкан.
"Кырсыктын өзүн көргөн жокмун, бирок эки эркек кишинин жабыркаганы белгилүү болду. Ал жерге келген дарыгерлер бирөөсүнүн башы чайкалганын айтышты", — деп белгиленет маалыматта.
Кайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктады.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.