БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өрт өчүрүү кызматына Мамлекеттик тарых музейинде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөнүн ӨКМ билдирди.
Билдирүү саат 11.36да түшүп, окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Sputnik кабарчысынын айтымында, өрт электр щиттен чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр келери менен эле аны өчүрүшкөн.
Эскерте кетсек, аталган музей былтыр жайында да өрттөнгөн. Жалынды өчүрүүгө алты саат кетип, кырсыктан жабыркаган адамдар болгону жана эскпонаттар да жапа чеккени айтылган.