Депутат Алмамбет Шыкмаматов жүрөгү кармап ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең мененки саат 9дар чамасында эл өкүлү жүрөгү ооруп жатканын айтып, тез жардам кызматы менен №6 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эл өкүлүнүн жардамчысы Улан Байышбеков тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн эртең мененки саат 9дар чамасында эл өкүлү жүрөгү ооруп жатканын айтып, тез жардам кызматы менен №6 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.

"Депутатка жүрөк аритмиясы деген диагноз коюлуп, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди Байышов.

Ата-Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Шыкмаматов буга чейин ооруп жүргөнүн айтты.

Депутат Улан Чолпонбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Оору менен алышкан депутат Улан Чолпонбаев тууралуу 7 факты
"Негизи мурун эле жүрөгү ооруп жүрчү. Акыркы алты айдан бери стресс абалында болуп күчөтүп жиберди окшойт. Буга чейин дарыгерлер ооруканага жат десе болбой жүргөн", — Иманалиев.

Эл өкүлүнө ушул жылдын февраль айында кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура депутатка Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп кине койгон. Эл өкүлү менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдары "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде күнөөлөнүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0