Чүйдө жүк ташуучу унаа айланма жолдон жөө адамды коюп кетти

© Фото / пресс-служба ГУПМ КРНаезд грузовика на пешехода в Чуйской области
Наезд грузовика на пешехода в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу унаа Бишкекти көздөй келе жаткан

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы айланма жолдон жүк ташуучу унаа 30 жаштагы жөө адамды коюп кетип, ал жеринде көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, кырсык саат 19.00 чамасында катталган. Жүк ташуучу унаа батышты көздөй бара жаткан. 

Окуя болгон жерге оперативдик тергөө тобу чыгып, бардык экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0