Военно-Антоновкадагы жол кырсыктан эки киши каза болду. Кырсыктан кийинки сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВД КРНаезд на пешехода в селе Военно-Антоновка
Наезд на пешехода в селе Военно-Антоновка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Mercedes Benz автоунаасын 23 жаштагы айдоочу айдап жүргөн

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда катталган жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы 15-ноябрда саат 1:30дар чамасында Военно-Антоновка айылы жакта катталган. 

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВД КРЧүй облусунда катталган жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды
Наезд на пешехода в селе Военно-Антоновка - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунда катталган жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды

"Mercedes Benz автоунаасын 23 жаштагы айдоочусу 29 жана 30 жаштагы эки кишини коюп кеткен. Алар Нарын облусунун тургундары жана классташтар экени аныкталды. Айдоочу соо эле болгон, кырсык болгон жерден качып кеткен эмес. Учурда ал кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары башталып, машина атайын короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0