Ошто элди интернеттен 5 млн. сомго алдады деп аял кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНоутбукта иштеп жаткан аял. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын үстүнөн ондон ашуун адам арыз жазган

ОШ, 13-ноя. — Sputnik. Ош шаарында жарандардан 5 миллион сомдон ашуун акча каражатын алдап алууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 44 жаштагы шектүүнүн үстүнөн ондон ашуун адам арыз менен милицияга кайрылган.

"Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, шектүү аял жарандарга интернет аркылуу иш сунуштап, алардан банк аркылуу которуу жолу менен акча алып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган адамдын баш коргоо чарасы каралууда. Шаардык милиция бул аялдан жабыркагандар болсо Ош ШИИБдин кызматкерлерине кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0