БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулаган Россиянын жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кырсык борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон.
"Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары "Байчечекей" дүкөнүнүн чатырынан 9-кабаттан кулаган адамдын сөөгүн алып чыгышты",— деп айтылат маалыматта.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.