БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ырчы Клара Алибекованын видеосу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 5-октябрь күнү интернетке укук коргоо органдары тарткан Клара Алибекованын видеосу тарап кеткен. Анда ырчы тартип сакчыларына ага кол салуу болгонун айтып, жардам сурап кайрылат. Бирок милиция кызматкерлери ага дароо жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңдап видеого тартып интернетке жүктөп коюшкан.
Ички иштер министрлиги ошондой эле видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлерине карата ырчыдан арыз түшкөнүн тастыктады.
Ырчынын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.