БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Төрт адамдын өмүрүн алган Чолпон-Атадагы жол кырсыктын чоо-жайы аныкталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.
Кырсык 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 3.00дөр чамасында катталган. Тез жардам кызматынын бригадасы Бает айылынан кош бойлуу аялды алып Чолпон-Атаны көздөй бара жатканда артынан Mercedes Benz келип сүзгөн. Сокку катуу болгондуктан Тез жардам унаасы бир нече ирет аласалып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, фельдшер, кош бойлуу аял жана анын тууганы каза тапкан.
"Mercedes Benz унаасын 23 жаштагы мас абалындагы кыз айдап бара жаткан. Ал Жалал-Абад облусунун Кербен айылынын тургуну болуп чыкты. Айыпкер рулду башкара албай Тез жардам унаасын сүзгөндө, автоунаа жолдон чыгып аласалып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Mercedes Benz унаасынын айдоочусу кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.