Жалал-Абадда жасалма 9800 доллар алып жүргөн киши кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРИзъятие фальшивых денег в Джалал-Абаде
Изъятие фальшивых денег в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда анын шериктерин кармоо аракеттери көрүлүүдө.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жасалма 9800 доллар алып жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Шектүү жаран Ош ИИББ менен Жалал-Абад ИИББдин биргелешкен атайын операциясы учурунда колго түшүрүлгөн.

"Honda үлгүсүндөгү машинаны тинтүү учурунда баштыктан жалпы суммасы 9800 доллар болгон 100 долларлык жасалма купюралар табылган. Табылган каражаттар күбөлөрдүн катышуусу менен алынган", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда анын шериктерин колго түшүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0