Баткендеги киши колдуу болгон милиционер. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
31 жаштагы маркум 2015-жылы Кыргызстандын мыкты опер кызматкери деп табылган

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Баткенде милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жаткан үч адам күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө бергендигин Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Ош ОИИБнин маалымат кызматынан билдиришти.

Кылмыш 5-сентябрь күнү болгон.

"Шектүү деп эсептелген төрт адам кармалган. Үчөө бул кылмышка атайылап барганын мойнуна алышты. Ал эми төртүнчүсү шектелүүчүлөр жана милиция кызматкери окуя болгон түнү барган дүкөндүн ээси. Булардын ортосунда ошол жерден чыр чыгып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектелгендердин бирөө мурда адам өлтүрүү боюнча соттолгон. Анын психологиялык жактан ооруй турганы да айтылды.

Спирт ичимдиктерин ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта үй ээси чогуу ичип отурган бөтөлкөлөшүнүн колунан каза тапты
31 жаштагы маркум 2015-жылы Кыргызстандын мыкты опер кызматкери деп табылган.

5-сентябрь күнү кечинде милиционер менен шектелүүчүлөрдүн ортосунда чатак чыгып кетип, аягында мушташа кетишкен. Баарылап туруп милиция кызматкерин өлтүрө сабап, өзүнүн Subaru Forester унаасына салышкан. Андан соң Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ит-Качкан жайлоосуна алып барып, маркумдун кийимин чечип алгандан кийин сөөктү ыргытып жиберишкен.

Кийин анын унаасын Бишкекке айдап келип, арзан бага сатып, кайрадан Ошко кетишкен. Аларга карата Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши колзголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0