ӨКМ: BMW машинасынын мас айдоочусу Чоң Чүй каналына түшүп кеткен

Жазылуу
Маалыматка ылайык, ал куткаруучулардын жардамынан баш тарткан

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы Чоң Чүй каналына BMW үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Унаанын ээси мас экен. Айдоочунун айтымында, анын жанында эч ким болгон эмес. Ал ошондой эле куткаруучулардын жардамынан баш тарткан", — деп айтылат маалыматта.

12-сентябрда дагы тактоо иштери улантыларын ӨКМден кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0