Мектеп курагындагы балдар кезек-кезеги менен бир баланы ортодон өткөрүп ур-тепкиге алып жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Ал видеодон көрүнгөндөй, эки тарап болуп тизилген 20га чукул баланын отосунан бирөөсү чуркап өтүүгө аракет кылат. Ал учурда тизилген балдар эки тарабынан ур-тепкиге алышат. Алар ортодон кезектешип өтүп жатышат. Арасынан соккудан жыгылып калган балдарды да көрүүгө болот.
Жогорудагы видео кайсы жерде тартылганы жана бул оюн же зомбулук экени азырынча белгисиз.
ИИМдин маалымат кызматы аталган видео боюнча жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясы окуя кайсы жерде болгонун тактап жатканын билдирди.