Милиция Бишкек — Торугарт жолунда адамды коюп, качып кеткен айдоочуну издеп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган 60 жаштагы киши ошол жерде мүрт кеткен

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чүй ОИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы Бишкек — Торугарт жолунда адамды коюп кетип из жашырган айдоочуну издеп жатат. Бул тууралуу аймактык Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиршти.

Жол кырсыгы 28-август күнү түнкү саат 00.40да аталган трассанын 78-чакырымында катталган. Белгисиз айдоочу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып 60 жаштагы кишини сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ошол жерде көз жумган.

"Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгын көргөндөр болсо милициянын бөлүмдөрүнө кабарлап коюну өтүнөт. Маалымат бергендердин купуялыгы сакталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ээ адамдар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: (0312) 44-64-22; (0701) 15-57-01.

Жаңылыктар түрмөгү
0