БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бүгүн, 4-сентябрь күнү, Россиянын Саратов облусунда Toyota үлгүсүндөгү жол тандабас менен минивэн кагышып, ичиндеги борбор азиялык тогуз киши жабыркаганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар да бар. Алардын баары эки шаардык жана бир облустук ооруканага жеткирилген. Окуянын чоо-жайы такталып жатканы белгилүү болду.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырсыктан жабыркаган кыргызстандык жарандардан кабар алууда.