БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Шаркыратма участкасында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп, айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 3-сентябрь күнү болжол менен саат 19.35терде Бишкек — Ош жолунун 479-чакырымында болгон.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар 42 жаштагы айдоочунун сөөгүн алып чыгышкан. Ал эми унаа ичиндеги 40 жаштагы жүргүнчү Тез жардам кызматы менен Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилди.