Бишкекте жолго чуркап чыга калган мас кишини маршрутка коюп кетти

Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде катталган

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте маршрутка жол чийинден эркек кишини коюп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыганан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-августта болжол менен саат 10.00дөрдө Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Жол четинде турган 35 жаштагы эркек киши маршрутка келе жатканда астына чуркап чыга калып астында калган. Ал ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк экспертиза анын мас экенин аныктады", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча жабырлануучунун баш мээси чайкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0