Өзбекстан: ажатканага түшүп кеткен телефондун айынан үч адам каза болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТелефон кармап турган адамдын архивдик сүрөтү
Телефон кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдар ажаткананын чуңкурундагы заңдан чыккан газга ууланып каза болушкан

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Наманган облусунда жеке турак жайлардын бириндеги ажатканадагы заңдан бөлүнүп чыккан газга ууланып үч киши каза болгондугу тууралуу республиканын ӨКМине шилтеме берип, РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, Янги-Курган районунда жашаган аял ажаткананын тешигине түшүп кеткен телефонун алып бергиле деп эки адамды жалдаган. Чуңкурга кирген эки киши эсин жоготуп, кайра өйдө чыга албай калышкан. Аял медициналык жардам көрсөтүү максатында дарыгерди чакырган. Бирок ал дагы чуңкурга түшкөндөн кийин эси ооп калган.

"Жыйынтыгында жалданган эки киши окуя болгон жерден, ал эми дарыгер жергиликтүү ооруканага алып бараткан жолдо көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин маалыматына караганда, бул адамдар ажаткананын чуңкурундагы заңдан чыккан газга ууланып каза болушкан.

Учурда бир нече адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0