Бишкекте подъезддин темир эшиги 5 жашар баланы басып калды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүАктивисты движения "Прописке.нет"
Активисты движения Прописке.нет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, курулушчулар алып жаткан эшик баланын үстүнө кулап түшкөн

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте беш жашар баланын үстүнө подъезддин эшиги кулап түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя Сухэ Батор менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында болгон.

"Жумушчулар темир эшикти алып, аны дубалга жөлөп коюшкан. Бирок ал түшүнүксүз жагдайда беш жаштагы баланы басып калды. Бөбөктү Тез жардам кызматы эсине келбеген абалда алып кетти", — деди күбө.

Шаардык милиция аталган маалыматты тактап жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0