Кумтөрдүн май ташуучу унаасы аласалып, 7 тонна күйүүчү май төгүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМай ташуучу унаа. Архив
Май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жактырылган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кумтөр кенине бара жаткан май ташуучу унаа аласалып, 7 тонна күйүүчү май төгүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, окуя жекшемби күнү, 9-июлда болгон.

"Төгүлгөн күйүүчү май агып жаткан сууга кошулган эмес. Анткени кургак жерге төгүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Кырсыктан унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жаткырылган. Ал эми кендин кызматкерлери май төгүлгөн жерди тазалап, тишелүү процедураларды аткарган.

"Кумтор Голд Компани" ишканасы аталган окуяны иликтөө үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0