Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, төрт киши каза тапты

Жазылуу
Кырсыкка кабылгандар Балыкчы жана Бишкек шаарларынын тургундары болгон

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Тоң районундагы Оттук айылында Honda Stream менен Subaru Legacy автоунаалары кагылышып, төрт адам каза тапты. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык болжол менен саат 13:00тө Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунда, Оттук айылынын аймагында болгон.

"Кырсыкка кабылган Балыкчынын 37 жаштагы жана Бишкек шаарынын 38 жана 18 жаштагы тургундары ошол жерден жан берген. 30 жаштагы айдоочу ооруканадан көз жумду ", — деп милициядан билдиришти.

Алардан сырткары дагы эки адам учурда ооруканада жатат.

ӨКМ куткаруучулар унаага кыпчылып калган сөөктөрдү чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөрүп бергендигин кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0