БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өзгөндө аты менен кошо Жазы дарыясына агып кеткен жаранды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске сала кетсек, 20-май күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн районунун Адыр айылынын 67 жаштагы тургуну мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен.
"13-июнь күнү куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. Ошондон улам туугандарынын ыраазычылык каты менен издөө иштери токтотулду", — деп жазылат маалыматта.
Издөө иштерине куткаруучулардан сырткары жергиликтүү тургундар да тартылган.