Кара-Сууда милиционер 6-класcтын окуучусун коюп кетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина
НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча кыз жолго чуркап чыккан маалда милиция кызматкери унааны буруп жиберүүгө жетишпей калган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунда Кайгуул милиция кызматкери 6-класстын окуучусун коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 31-май күнү болжол менен кечки саат сегиздерде Ош — Исфана жолунун Кызыл Кыштак айылынын аймагында болгон.

"Кичинекей кыз күтүүсүз жерден жолго чуркап чыккан. Күүгүмдө аны милиционер байкабай, унааны буруп жиберүүгө жетишпей калыптыр. Ал жабыркаган кызды ооруканага жеткирип, кырсык тууралуу РИИБге билдирген. Учурда окуучу ооруканада жатат, анын буту сынганы аныкталды. Милиционерге карата кызматтык териштирүү болуп жатат", — деп айтылат мааламытта.

Аталган факт боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек. Ал эми унаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0