Бишкекте 23 жаштагы велосипедчен автобустун алдында калып каза болду

© AFP / FRANCK FIFEВелосипедная гонка в Париже-Ницце
Велосипедная гонка в Париже-Ницце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 31-майга караган түнү саат 00:05тер чамасында айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон.

БИШКЕК, 31-май. — Sputnik. Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус велосипедчен кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкектеги велосипед үчүн бөлүнгөн жолду айдоочулар басып алган - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги велосипед үчүн бөлүнгөн жолду айдоочулар "басып алган"
Маалыматка ылайык, окуя 31-майга караган түнү саат 00:05тер чамасында айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда велосипед менен бараткан 23 жаштагы жаранды Setra үлгүсүндө автобус сүзүп кеткен.

Кырсыкка кабылган адам окуя болгон жерде алган жаракатынан улам көз жумган.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып, тергөө иштери уланууда. Айдоочу Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жеткирилип, автобус унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0