Өзгөндө аты менен сууга түшүп кеткен киши үч күндөн бери изделүүдө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖизнь чабанов в Республике Алтай
Жизнь чабанов в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине үч куткаруучу жана алты суучул тартылган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Өзгөн — Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып, аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен киши изделип жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-майдан бери дайынсыз болуп жаткан адам — Мырзаке айыл аймагындагы Адыр айылынын тургуну.

Издөө иштерине үч куткаруучу жана алты суучул тартылган. Азырынча аны табуу аракеттеринен майнап чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0