Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган адам жаңы күбөлүк менен колго түштү

Жазылуу
Кармалган адам март айында да мас абалында унаа айдап баратканы үчүн кармалып, бир жылга чейин рулга отуруу укугунан ажыратылган.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Буга чейин мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган адам кайра жаңы документ менен кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жыргалбек Калмаматов: айдоочулук күбөлүк алчулардын электрондук тизмесин түзүү зарыл
Бейшемби күнү эртең менен Киев көчөсүндө Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу кармалган.

Териштирүүгө ылайык, ушул жылдын 14-мартында шаардык Свердлов райондук сотунун токтому менен кармалган адам унааны мас абалында башкарып бара жаткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, рулга отуруу укугунан бир жылга ажыратылган болчу.

Бирок андан экинчи айдоочулук күбөлүк табылып, айдоочу экинчи документти 2010-жылы июль айында күбөлүгү жоголуп кеткендигине байланыштуу алганын айткан.

Ага карата протокол түзүлүп, унаа айып короого токтотулган. Кармалган адамдын жаңы документи Каттоо кызматына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0