Баткенде жети окуучу кыз ууланып, ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч "Спартак" - ЦСКА
Футбол. РФПЛ. Матч Спартак - ЦСКА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ууланган өспүрүмдөр Баткен облустук ооруканасынын балдар бөлүмүндө дарыланууда.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Баткен облусунун Бужум айылындагы орто мектепте жети окуучу кыз химиялык затка ууланып, ооруканага түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тергөө иштери тастыктагандай, окуучулар 18-май күнү мектептен химиялык затка ууланышкан. Анда мектеп окуучуларынын бири көчөдөн билиги бар күйө турган зат таап алып, класс ичине алып келип күйгүзүп, чыккан жаман жыттан улам сыртка качып кеткен. Тыныгуудан кийин 21 окуучу класска кайтып келген. Кечке жуук алардын айрымдарынын жүрөгү айланып, мууна баштаганын айтышкан.

"Учурда ууланган жети кыз тең Баткен облустук ооруканасынын балдар бөлүмүндө дарыланууда. Алгач алардын үчөө реанимацияга жаткырылып, андан соң ден-соолугу турукташып калган соң кайра балдар бөлүмүнө которулган",— деп жазылат билдирүүдө.

Маалым болгондой дарыгерлер бүгүн алардын абалы жакшырып калганын айтып, жакынкы күндөрү чыгарыларын кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0