Чаткалда сел жүрүп, жүк ташуучу унааны басып калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРКамнепад на автодороге Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка
Камнепад на автодороге Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолу саат 23:30дан баштап эки тарабынан жабылды. Унаа жолду кум-шагылдан тазалоо иш-чаралары бүгүн башталат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калгандыгын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КРЧаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калган
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калган
© Фото / пресс-служба МЧС КРАла-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө участкасында катуу жааган жаандан улам коктудан кум-шагыл аралаш сел жүрдү.
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө участкасында катуу жааган жаандан улам коктудан кум-шагыл аралаш сел жүрдү. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө участкасында катуу жааган жаандан улам коктудан кум-шагыл аралаш сел жүрдү.
1/2
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калган
2/2
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө участкасында катуу жааган жаандан улам коктудан кум-шагыл аралаш сел жүрдү.

"Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө участкасында катуу жааган жаандан улам коктудан кум-шагыл аралаш сел жүрдү. Сел басып калган унаанын ичинде айдоочу жана жүргүнчү болгон. Бактыга жараша, алар жабыр тарткан жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп турак-жайларды каптады - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда 11 турак жайды суу каптап, бир унааны агызып кетти
Мындан тышкары, ошол эле жолдон дагы эки жеңил унаа селдин туткунунда калган. Бирок алардын ичинде канча адам болгондугу азырынча белгисиз. Анткени куткаруучулар барган учурда унаанын ичинде эч ким жок болуп чыккан.

Жалал-Абад ОИИБ жетекчисинин буйругу менен Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолу саат 23:30дан баштап эки тарабынан жабылды. Жолду кум-шагылдан тазалоо иш-чаралары бүгүн башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0