Бишкекте 19 жашар кыз дайынсыз жоголду. Жакындары менен милиция издеп жатат

© Фото / предоставлено родственниками Айзат АйтбековойБишкекте дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айзат Айтпекова
Бишкекте дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айзат Айтпекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең менен үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Борбор калаада 19 жаштагы Айзат Айтпекова аттуу кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары билдирди.

© Фото / предоставлено родственниками Айзат АйтбековойБишкекте дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айзат Айтпекова
Пропавшая в Бишкеке, 19-летняя Айзат Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айзат Айтпекова

Алардын айтымында, Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең мененки саат 8:00дө "Төмөнкү Жалга" такси чакырып кеткен. Ал жактан Айзат көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан түшүп калып, телефонун өчүрүп, ошол бойдон туугандары менен байланышка чыккан эмес.

Пропавшая в Бишкеке, 19-летняя Айзат Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жоголгон кыз аман-эсен табылды, бирок ал шок абалында
"Биз көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен сүйлөштүк, бирок эч кандай маалымат ала алган жокпуз. 8-май күнү ал уюлдук телефонун Политехникалык университетинин аймагынан жандырган, бирок бир нече убакыттан кийин кайра өчүп калды. Буга чейин ал минтип жоголчу эмес. Аны милиция менен издей баштадык", — деди туугандарынын бири.

Айзаттын курбу кыздарынын айтымында, ал Рустам аттуу бала менен жолугуп жүрчү, бирок алар баланы жанынан көрүшкөн эмес. Айтпекова менен университетте бирге окугандардын айтымында, ал акыркы айда сабакка да келбей калган.

"Айзат менен бирге окугандар аны уюлдук байланыш компаниясына кызматчы болуп орношууга аракет кылып жүргөнүн айтышып, тажрыйба топтоого эртең менен барып кечинде чыгып жаткан болуш керек деп божомолдошкон", — деди Айзаттын тууганы.

Бишкек ШИИБ маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, учурда бул иш менен Бишкек шаардык Свердлов районунун издөө бөлүмү алектенүүдө.

Кызды кимдир-бирөөлөр көрүп калса, төмөнкү номерлерге чалып байланышсаңыздар болот: (0559)10-30-22 же 102.

Жаңылыктар түрмөгү
0