Бишкекте дагы бир айдоочу окуучуну сүзүп кетти. Бала ооруканада

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа окуучу баланы мектепке бара жатканда койгон.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Борбор калаанын түндүгүндө жайгашкан "Ала-Тоо" жаңы конушунда унаа окуучу баланы сүзүп кетип, из жашырууга аракет кылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын издөө бөлүмүнөн кабарлашты.

"Качып кетүүгө аракет кылган айдоочу изи сууй электе кармалды", — деди издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров.

Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди
Окуучу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бала ар кайсы жеринен жеңил жаракаттарды алганын айтышууда.

Кайгуул милициясы толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Эске салсак, буга чейин 21-апрелде күндүз Бишкек шаарындагы Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен эки окуучуну автоунаа коюп кеткен. Милициянын маалыматына ылайык, балдарды сүзгөн Mercedes Benz үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу из жашырып кеткени аныкталган. Ал эми балдар ооруканага оор абалда жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0