БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Түштүк Кореяда кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан Улан Ашиев 46 жашта.
"Ал 2004-жылдын 10-майында Түштүк Кореяга иш издеп келген. 2015-жылдын 30-августунда Кыргызстанда жашаган апасы менен телефон аркылуу акыркы жолу сүйлѳшкѳн. Ошондон бери, дайыны жок болууда", —деп жазылат маалыматта.
Түштүк Кореянын Улуттук полиция агенттиги, Иммиграция кызматы жана укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ашиев Кореядан чыгып кеткен эмес, түрмѳгѳ түшүп же мыйзам бузуп кармалган дагы эмес. Ал эми жакындарынын маалыматы боюнча, ал черепица кескен заводдо иштеген.