Бишкек — Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү эки бензовозду сүрүп салды

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, эки бензовозду жолдун жээгине сүрүп чыгарган
Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, эки бензовозду жолдун жээгине сүрүп чыгарган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү бүгүн саат 15.10до түшкөн. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, эки бензовозду жолдун жээгине сүрүп чыгарган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя бүгүн саат 15.10до, Бишкек — Ош унаа жолунун 131-чакырымында болду. Андан жабыркагандар катталган жок.

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0