Жалал-Абад: куткаруучулар жер көчкү алдынан алып чыккан жаран жашап кете алган жок

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагынын Хаят айылында 23-апрель күнү саат 17.15дер чамасында жер көчкү тоонун боорундагы булакка суу түтүктөрүн улап жүргөн сегиз адамдын төртөөнү басып калган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Базар-Коргон районундагы Хаят айылындагы жер көчкүдөн куткарылып, ооруканада жаткан 24 жаштагы жаран, алган жаракаттарынан улам каза болуп калды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарда аны топурак басып калганда, жамбаш сөөктөрү жана бели сынып кеткендиги айтылат.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагынын Хаят айылында 23-апрель күнү саат 17.15дер чамасында жер көчкү тоонун боорундагы булакка суу түтүктөрүн улап жүргөн сегиз адамдын төртөөнү басып калган

Алардын бирөө дароо жан берсе, бирөө ооруканага алып бара жатканда көз жумган. Ал эми калган экөөнүн абалы оор деп айтылган.

Тилекке каршы, кечээ алардын бири райондук ооруканада каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0