Жума күнүнө карата аба ырайы. Тоого кар жаайт

© Sputnik / Эламан КарымшаковНаступление весны в Бишкеке
Наступление весны в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жума күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Салам-Алик жаңы конушунун 800 тургунуна газ киргизилгенин Газпром Кыргызстан ишканасынан билдиришти - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы конуштун 800 тургунунун үйүнө газ кирди
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бишкек шаарында 19…21 градус, Ошто 21…23 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0