Чүйдө үч милиция кызматкери соттолууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда соттолуучулар №1 убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Москва райондук сотунда кылмышка шектүүлөрдү кыйнаган деп айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин соттук иши каралууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кылмыш иши 2015-жылы 3-апрелде козголгон. Ага ылайык, милиция кызматкерлери үч жаранды кыйнап, 33,5 саат мыйзамсыз түрдө камаган деп айыпталууда.

"Айыпталуучулардын арыз жазгандарга кысым көрсөтүп жатканы аныкталды. Мындан сырткары, 16-мартта жана 24-мартта жабырлануучуларга белгисиз номерден бирөөлөр чалып, түрмөдөн байланышып жатканын, эгерде арызын албаса өмүрүнө коркунуч келерин айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Ушундан улам мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларды камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтирген. Ошол эле күнү сот өтүнүчтү канааттандырып, айыпталуучуларды №1 убактылуу кармоочу жайга камакка алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0